Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өткөн суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду

29.06.2020 10:22
783
Өткөн суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду

 

Өткөн суткада республика боюнча коронавирус илдетининен 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.


Анын айтымында, бейтаптардын баары ооруканга кеч келишкен.

Республикалык клиникалык ооруканасында 1966-жылы туулган аял киши  коронавирустан каза болду. Ал реанимацияга келип түшкөн. Келгенде эле коронавирус менен келип, эки тараптуу пневмония, дем алуусу жетишпей кыйналып келген. Мындан сырткары да өзүнүн өнөкөт оорулары бар экен. Үйүндөгүлөрдүн абалы жакшы болгон, ал эми өзү базар, аптека жана башка коомдук жайларда болуп, инфекциянын кайдан жуктурганы белгисиз.

Ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасына 1953-жылы төрөлгөн эркек киши 26-июнда келип түшкөн. Эки тараптуу пневмония менен дем алуусу 3-4чү даражага жетип калган экен. Ал үйүндө дарыланып жатып, тумоого дарыланганы барганда коронавирус аныкталган. Көрсөткөн жардамга карабай коронавирустан каза болуп калды.

Мындан сырткары, Ош гуманитардык университетинин клиникасына 1959-жылы төрөлгөн бейтап Кара-Суу районунан келген. Ал 28-июнь күнү ооруканага түшкөн. Жүрөк оорусу менен бирге өнөкөт оорулары да бар экен. Ага көрсөткөн жардамдарга карабай илдеттен каза болду”, - деди Үсөнбаев.


Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 50 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн