Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 1
- Ош облусунда – 3
- Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3602 учур катталды, алардын ичинен 3302 медкызматкер сакайды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн