Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, дарттан республика боюнча 13 адам жана Бишкек шаарында 16 адам көз жумду.
Март айынан бери каза болгондордун жалпы саны – 452 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн