Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, дарттан Бишкекте 21, республика боюнча 20 адам көз жумду.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн