Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, дарттан Бишкек шаарында 22 бейтап, калган аймактардан 23 адам көз жумган.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 497 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн