Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өткөн жылы “балага сүйүнчүнү” 161,8 миң адам алган

12.05.2020 15:59
2093
Өткөн жылы  “балага сүйүнчүнү” 161,8 миң адам алган


2019-жылы “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулун 161,8 миң адам алган. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “балага сүйүнчү” бир жолку 4000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду 161,8 миң адам, ал эми 2018-жылы 90,9 миң жаран алган. Өткөн жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул “балага сүйүнчү” дайындала баштаган. Анын натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилип, республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн. 


2019-жылдын июль айынан тартып “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулун “бирдиктүү терезе” принциби боюнча берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми ишке киргизилген. Мында арыз ээлери кайрылган жерине карабастан төлөмдү банктын каалаган филиалынан ала алышат.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн