Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өткөн жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү жогору чекке жетип, 2,4 млрд долларды түзгөн

15.06.2020 15:46
646
Өткөн жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү жогору чекке жетип, 2,4 млрд долларды түзгөн


Өткөн жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2,4 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

 

Ал банктын ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерине токтолуп, анын ичинен акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу чөйрөлөрүнө тиешелүү абалды баяндады.

 

Талкуу маалында депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, андан тышкары COVID-19 пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу насыялык милдеттеме шарттарын жеңилдетүү менен кичи жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын белгилешти.  


Комитет мүчөлөрү да тактоочу суроолорду беришип, жыйынтыгында Улуттук банктын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетко канаттандырарлык деген баа берүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн