Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өткөн жылы никеге туруулар салыштырмалуу аз болгон

17.06.2020 15:17
1881
Өткөн жылы никеге туруулар салыштырмалуу аз болгон


Өткөн жылы Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 49,4 миң никеге туруу, же калтын 1000ине 7,7 никеге туруу катталган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 11 пайызга төмөндөгөн. Биринчи никеге тургандардын үлүшү эркектер арасында 90 пайызды түздү, аялдар арасында 94 пайыздан жогору болду.

 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектер арасында да 20-29 жашта катталат. 2019-жылы эркектерде никеге туруудагы орточо жаш курак 28,4 жашты, ал эми аялдарда 24,3 жашты түздү. Эркектердеги биринчи никеге туруудагы орточо жаш курак 27,2 жашты, аялдарда 23,6 жашты түздү. 


Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары Кыргызстандын региондорунун шарттуу рейтингин ээлешкен, анда калктын 1000ине эң көп никеге туруу камтылган. 2019-жылы Баткен облусунда 1000ине 9,2 нике катталган, Ош облусунда - 8,5 жана Жалал - Абад облусунда - 8,0 нике катталган. Бардык никелердин эң азы Нарын (калктын 1000ине - 5,9 нике) жана Талас (6,2 нике) облустарында катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн