Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өткөрмө бекетинде коррупциялык схема түзгөн чек ара кызматкерлери кармалды

20.10.2021 10:54
408
Өткөрмө бекетинде коррупциялык схема түзгөн чек ара кызматкерлери кармалды


Өткөрмө бекетинде коррупциялык схема түзгөн чек ара кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


УКМК тарабынан, 325-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин стабилдүү коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


“Достук-автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин көзөмөлү астында чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандарынан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалоо менен системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталды.


2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Достук-Автодорожный постунун башчысы «А.Э.», КР УКМКнын Ош облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын башчысы "Ч.Н.", ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматынын Генералдык штабынын башчысы - Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары "КБ" кармалды. Кармалгандардын баары УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда ишти иликтөө уланууда, бул жагдайларга тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн