Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өткөрмө бекеттерде топтолгон жүк ташуучу унаалардын саны азайды

24.08.2023 14:37
221
Өткөрмө бекеттерде топтолгон жүк ташуучу унаалардын саны азайды


Кыргызстандын чек ара кызматы 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат берди.

Ага ылайык:

- "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында – 379 фура (бир сутка мурда 493);

- "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайында — 89 ( 146 болчу);

- "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайында — 73;

- "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында — 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилейт.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерден айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн