Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен Башкы прокурор Жамшитов Өткүрбек Асилбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Негиз:
— Өткүрбек Жамшитовдун арызы;
— Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI токтому.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн