Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусундагы 9 км тилкесин асфальтоо иштери 2025-жылга каралган титулдук тизмеге киргизилген.
Июль айында 5 чакырым толук асфальтталып, каттам пайдаланууга берилген. Ал эми калган 4 чакырым тилкесинде асфальт басуу иштери 1-сентябрдан тарта башталып, учурда кызуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жол маанилүү транспорттук каттам болуп саналат.
Буга чейин жолдун айрым тилкелери аң-чөнөктөрдү жамоого да жарабай калган. Жаңы асфальттын төшөлүшү менен жолдун сапаты жогорулап, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн