Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өтпөй калган негизги мааракелик иш-чараларды белгилөө сунушталды

05.06.2020 12:32
996
Өтпөй калган негизги мааракелик иш-чараларды белгилөө сунушталды


Өкмөттүн атайын токтому менен быйыл 18 иш-чара каралган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

Министрдин айтымында, анын үчөө жалпы улуттук деңгээлде өтөөрү мерчемделген. Алар Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы жана Апрель окуясынын 10 жылдыгы.


Ал эми депутат Акылбек Жапаров бул боюнча мыйзамга маарекелик иш-чаралардын датасын гана белгилебестен, аларды өткөрүү мөөнөтүн да көрсөтүп коюуну сунуштады.


"Мисалы, салтанаттар жана эскерүү иш-чаралары 31-августтан 10-сентябрга чейин гана уюштурулушу шарт деп жазып коюу керек. Кесиптик майрамдарды да ушул эле мөөнөттө белгилесек болот", - деген Акылбек Жапаров Кытай мамлекетинин Жаңы жыл майрамын мисал кылды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн