Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:11
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

45 адам үй карантинин бузгандыгы үчүн жоопко тартылды

04.05.2020 16:24
1045
45 адам үй карантинин бузгандыгы үчүн жоопко тартылды


Өлкөдө үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 23 адам жоопкерчиликке тартылып, аларга 3 миң сомдон айып салынган. Жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылган.


Ал эми айрымдар алынган милдеттенмелерге карабастан обочолонуу режимин бузууда. Алар мындай кадам менен башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна гана эмес, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча саламаттык сактоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна коркунуч жаратып жатканы айтылат.


Ал эми эрежелерге баш ийбегендерге төмөндөгүдөй жоопкерчилике тартылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 1271-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу - I категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 5 000 сомдон 15 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин).

 

Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында көрсөтүлгөн чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу - II категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин).

 

Өз кезегинде, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастыктан бузуу аркылуу адамдардын массалык жабыр тартуусуна же болбосо башка ири зыян келтирүүгө алып келсе VI категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 120 000 сомдон 140 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин) же II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн – эки жыл алты айдан беш жылга чейин).

 

Ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими учурунда жасалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастыктан бузуу адамдардын массалык түрдө ооруусуна жана уулануусуна алып келсе II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн – эки жыл алты айдан беш жылга чейин).


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн