Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын январь–апрель айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2%га аткарылган, бул пландалгандан 9,7 млрд сомго аз экени белгиленди.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда өкмөт тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетиштүү каржыланбай калуу тобокелдигине карай эки сценарий иштелип чыккандыгын маалымдады.
Анын айтымында, жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгүнө түшпөй калуулар боюнча мүмкүн болгон коркунучтарга баа берилген, ага ылайык, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн