Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өз алдынча антибиотиктерди кабыл алуу бейтаптын сакайып кетүүсүнөн күмөн жаратат

14.07.2020 08:10
1098
Өз алдынча антибиотиктерди кабыл алуу бейтаптын сакайып кетүүсүнөн күмөн жаратат

 

Стационарга келген бейтаптар үй шартында же күндүзгү стационарда мүмкүн болгон инфузияларды алып, дарылоо тактикасында дарыгердин андан кийинки тандоосун кыйындатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымдалды.


Мисалы, бейтап үйдө азитромицин, цефтриаксон, левофлоксацин, дексаметазон антибиотиктерин ичет.


Бир аз жакшы боло түшүп, бир нече күндөн кийин абалы дароо начарлайт да, анан бизге келишет. Дарыгерлерге жаза турганга дээрлик эч нерсе калбай, акыркы муундагы күчтүү дары-дармектер жана “цитокиндик бороонго” каршы күрөшүүгө багытталган Актемра гана калат. Тилекке каршы, ал дагы жардам берери күмөн жаратат. Ошондуктан, эгерде оорунун белгилери жаңыдан гана башталып жатса, антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз, өзүңүздүн организмиңизди тыңшап көрүңүз. Балким ал дары-дармексиз эле илдетти жеңип кетет. Ден соолугуңузга дароо зыян тийгизбестен, ойлонуп көрсөңүзчү”, - деп жазылат “Дарыгердин күндөлүгүндө”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн