Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 23:10
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Өз баласын 17 миң долларга саткан аялга сот өкүм чыгарды

07.12.2020 14:39
587
Өз баласын 17 миң долларга саткан аялга сот өкүм чыгарды

Өз баласын 17 000 долларга саткан Сырдарыялык аял беш жылга эркинен ажыратылды.


Ал 21-июлда бир жашар баласын 17 000 долларга сатып жатканда кармалган. Ыкчам кызматкер алармандын ролунда болгон.


Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, сотто аял күнөөсүн мойнуна алды. Ал Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, беш жылга кесилди.


Өзбекстан Сенатынын Адам соодалоого жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү комитетинин 4-декабрда өткөн жыйынында спикер Танзила Нарбаева акыркы үч жылда 114 наристе сатылганын билдирди. Алардын 89% – 1 жашка чейинки бөбөктөр. Нарбаеванын айтымында, балдарын саткан аялдардын 31% социалдык оор абалда болгон, 17% төрөт фактысын жашырууну көздөсө, 52% каржылай пайда үчүн ушундай кадамга барышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн