Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өз кызын уурдоого аракет кылган жаран кармалды

09.04.2021 11:16
781
Өз кызын уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматкерлери өз кызын уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан маалымдашты.


Белгиленгендей, 8-апрелде саат 21:20 чамасында Ж.К., мурунку күйөөсү Чыгыш-5 кичи районунан 2008-жылы туулган кызын уурдап кеткендигин билдирген.


Кулиев көчөсүндө жашы жете элек кызды Ош шаарына алып кетүү аракетин көргөн атасы 1984-жылы туулган У.Э. маршруттук таксилердин биринен кармалган. Андан аркы иликтөө үчүн ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал эми Патрулдук милиция кызматкерлери кызды энесине өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн