Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери өз кызын зордуктоого шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы кыз милицияга аны зордуктаган атасына чара көрүү боюнча кайрылган.
Кыздын айтымында, 1-февраль күнү саат кечки бештерде зордуктаган. Энеси келип калып окуя ачыкка чыккан. Кыз атасы аны 2019-жылы да зордуктаганын кошумчалаган.
Кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн