Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Өз өлкөсүндө оор кылмыш жасаган. Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандан кармалды

27.02.2023 14:36
205
Өз өлкөсүндө оор кылмыш жасаган. Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандан кармалды

 Издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин  358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды. 


Кармалган жаран Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн