Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өз-өзүнчө топтогон мүлк байлык эмес, байлыгыбыз жана бакытыбыз - биргелешип сактай турган Кыргызстан

03.03.2021 13:23
961
Өз-өзүнчө топтогон мүлк байлык эмес, байлыгыбыз жана бакытыбыз - биргелешип сактай турган Кыргызстан


Отуз жылдан бери карай «Белгисиз маршрут» менен бараткан мамлекетибиздин багытын чукул бура турган учур келди. Биздин эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта эле кадам таштаган жолубуз – аңдышмай, чукушмай, тартышмай, кызмат доолашмай, бийлик талашмай, куугунтуктамай, өч алмай сыяктуу жалаң терс аяк жол болуп келет. Саясатта жалаң ушундай көрүнүштөр болуп жатса, анан кайдан билимди, илимди, маданиятты, экономиканы көтөрүү тууралуу аракеттер болмок эле?

 

Албетте, баары сөз жүзүндө айтылып келатты. Келечек билимдүү жаштарда экени дагы, калктын саламаттыгы чың болсо, мамлекеттин саламаттыгы да чың болору, өлкөгө инвестиция тартып, өзүбүздүн өндүрүштү жандантууну колго алуу зарылчылыгы, коррупцияны жоюу, акыйкатты жана адилеттүүлүктү туу туткан сот системасын түзүү сыяктуу жалындуу сөздөр көп айтылды. Бирок, анын баары сөз жүзүндө калып, иш жүзүндө баягы эле аъдышмай, чабышмай, бийлик талашмай орун алып келди.


Мына ушул туура эмес багыт алган жолубуздун кылда учуна келип жеттик. Эгерде мындан ары да ушул жолду уланта берсек, анда мамлекетибизди түпсүз туңгуюкка өзүбүз эле түртүп салган болобуз. Жардын кырында турабыз. Эми чукул бурулуш жасап, аңдышмай-чукушмай, бийлик талашмайдын баарын саясаттан да, көкүрөктөн да алып таштап, баарыбыз биргеликте келечек муун үчүн мурас катары кала турган Кыргызстанды чогуу сактап кала турган жердебиз.


Биз отуз жыл убактыбыз текке кетти деп кайгырбайлы. Ар бир күн, ай, жылдар биз үчүн чоң сабак болду. Балким бул жылдарды башыбыздан өткөрбөсөк, анда ынтымагы жана биримдиги жок элдин келечеги жок болорун билбей отурмакпыз. Экинчиден, Кыргызстанды бакубат жашаган, бактылуулук өкүм сүргөн, өнүккөн өлкөгө айлантууга дагы деле жетиштүү ресурстарыбыз бар. Табийгый ресурстар да, адамдык ресурстар да жетиштүү. Болгону баарыбыздын көңүлүбүз да, ой-максатыбыз да мамлекетти өнүктүрүү болушу шарт.


Биздин ар бирибиздин өз-өзүнө топтогон материалдык байлыгыбыз чыныгы байлык эмес. Алтын аяктан суу ичип, алтындан жасалган ваннада жуунуп жатсаң да, эгер мамлекетиң жок болсо, анда сенден өткөн байкуш адам болбойт. Спорттун мыкты чебери болуп, дүйнөнү багындырып жатып, көтөрөйүн десең өз өлкөңдүн туусу жок болуп турганы кандай күйүт? Туурабы? Жеңишке жеткениң бир тең, ал эми жеңишти өз өлкөңдүн туусун көтөрүү менен баса белгилегениң өзүнчө зор сыймык.


Андыктан жалгыз мамлекетибизди өзүбүз туш-туштан өпкө-боорун үзө тепкилей бербейли. Өз мамлекетибизден өзүбүз уурдабайлы. Өз туубузду, эне тилибизди, ата-мекенибизди урматтайлы, барктайлы. Сүйлөгөнүбүз саясат эмес, маданият болсун. Уюштурганыбыз митинг эмес, өндүрүш болсун. Ар бирибиз өзгөнү сындаганча, өзүбүздү тарбиялайлы. Мамлекеттен уурдаганча, мамлекетке берели. Күчтүү мамлекет ушинтип курулат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн