Теке 03, 2024
Убакыт: 07:25
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Өз убактысында госпиталдаштырууну чагылдыруу боюнча программа ишке кирет

06.07.2020 19:23
923
Өз убактысында госпиталдаштырууну чагылдыруу боюнча программа ишке кирет


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова реалдуу убакыт режиминде ооруканалардагы орундар фонду боюнча кырдаалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү тууралуу кеңешме өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеге маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жанузаков, электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Бахтыяр Станбеков жана ыктыярдуу жардам координациялык кеңешинин өкүлү Эльдар Шабданов катышты.  

Жолугушуунун катышуучулары өз убактысында госпиталдаштырууну камсыздоо үчүн реалдуу убакыт режиминде койкалык фонд боюнча учурдагы абалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, COVID-19 каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү электрондук базасын түзүү маселеси каралды, анда эпидемияга каршы күрөшүү муктаждыктары жана волонтердук кыймылдын мүмкүнчүлүктөрүн кошуп караганда, бардык маанилүү аспектилер камтылат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган долбоорлорду кыска мөөнөттө ишке ашыруу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн