Теке 04, 2025
Убакыт: 00:02
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Өзбек делегациясы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу менен таанышты

Өзбек делегациясы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу менен таанышты


Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов баштаган делегация Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Сапардын алкагында делегация долбоордогу эң маанилүү жана татаал инженердик курулуштардын катарына кирген — узундугу 12 чакырымдан ашкан Фергана жана Кош-Дөбө тоннелдерине өзгөчө көңүл бурду.


Ошондой эле өзбек делегациясынын өкүлдөрү учурдагы Макмал станциясынын ордуна курула турган жаңы темир жол станциясы жана Жалал-Абад темир жол станциясын түзүү боюнча пландар менен да таанышышты.


Иш сапардын соңунда министр Илхом Махкамов, Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Аскат Тургунбаев, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Нурлан Арапбаев, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" компаниясынын башкы директору Чжоу Синь, EPC подрядчы уюмунун жетекчиси Чжан Эй Тао жана башка адистер биргелешип жумушчу кеңешме өткөрүштү.


Жолугушууда тараптар курулуш иштерине байланыштуу учурдагы маселелерди талкуулап, мындан аркы аракеттерди координациялоо боюнча пикир алмашышты.


Белгилей кетсек, 30-июнда Кыргызстандын аймагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолубоюнча толук масштабдуу курулуш иштери расмий түрдө башталды. Долбоордун техникалык чечимине ылайык, жолдун болжол менен 40 пайызы көпүрөлөр жана тоннелдер аркылуу өтөт. Ушундан улам бул долбоор инженердик татаалдыгы жана стратегиялык мааниси жагынан өзгөчө болуп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн