Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбек-кыргыз чек арасында абал турукташа элек, жабыр тарткандар бар

31.05.2020 20:15
1076
Өзбек-кыргыз чек арасында абал турукташа элек, жабыр тарткандар бар


Баткен облусунун Кадамжай районундагы өзбек-кыргыз чек арасында абал туракташа элек. Эки тарап бири-бирине дагы деле таш ыргытып жатышат. Жаракат алгандар бар, деп жазат "Turmush" басылмасы.


Маалым болгондой, Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбекстанстандын Сох районунун тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.


Алар абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Ошондой эле элди курал колдонбоого, провокацияга алдырбоого чакырып, тургундарга түшүндүрүү иштерин өткөрүштү. Бирок элдин бири-бирине таш ыргытуусу токтобой, эки тараптын бийлик өкүлдөрү артка кайтууга мажбур болушту.


Эске салсак, бүгүн, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкканЧыр Чечме деген тактала элек жерде булак талаштан пайда болгон.


Ал эми вице-премьер-министр Акрам Мадумаров ал жердеги булактын маселеси көптөн бери чечилбей келатканын айткан. Эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымал, деп билдирди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн