Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өзбек-кыргыз кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын жыйынына даярдык көрүлүүдө

17.06.2020 08:20
976
Өзбек-кыргыз кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын жыйынына даярдык көрүлүүдө


Фергана шаарында 22-июнда Жогорку Кеңеш менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссиянын теңтөрагасы катары кыргыз делегациясын жетектеп барат.

 

Буга байланыштуу парламенттер аралык комиссиянын мурдагы отурумдарында айтылган маселелердин аткарылышы, жаңыдан жаралган жагдайлар жана суроо туудурган маселелер боюнча атайын жыйын өткөрүлдү.

 

Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн жарандарынын чек ара аркылуу өтүүсү, анда жаралган ыңгайсыздыктар, айрым бир нааразылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашууга орун берилди. Ошондой эле чек арада жаралган чыңалуулардын себептерин дыкат иликтөө, өз ара жылуу мамилелерди бекемдөө багытындагы иштерге басым жасалды. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштын өркүндөөсүнө тоскоол болчу маселелерге жол бербөө, эки элдин ортосундагы достук-коңшулук мамилелерди чыңдоо боюнча иштерди активдештирүү боюнча кеңири сөз болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн