Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:39
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Өзбек президенти: Эки элдин боордоштук, достук жана коңшулук мамилесин бекемдөөгө жетиштик

31.07.2020 09:52
1309
Өзбек президенти: Эки элдин боордоштук, достук жана коңшулук мамилесин бекемдөөгө жетиштик


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана КР президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мындан дагы бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтылат Өзбекстан президентинин куттуктоо телегаммасында

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке жана бакубатчылык каалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн