Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбек тарап Кыргызстандын Чечме боюнча аргументтерине макул экенин билдирди

25.06.2020 08:59
1672
Өзбек тарап Кыргызстандын Чечме боюнча аргументтерине макул экенин билдирди


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылында кечээ, 24-июнда Баткен багыты боюнча жана Өзбекстандын Чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө тараптардын чек арага канаатташ аймактарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары да катышышты.

Жолугушуу учурунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Булактын» айланасында (Чечме айылы) 2020-жылдын 23-июнунда өзбек тарап жүргүзгөн топосъемка иш-аракеттери талкууга алынды.

Кыргыз тарап Кыргызстандын тиешелүү органдары менен макулдашпай туруп, бул аймакта топографиялык тартууларды, видеого тартууларды жана башка иш-аракеттерди алып барууга болбостугун билдирди. 

Өзбек тарап Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү келтирген аргументтерге макул экендигин билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жүрө турчу иш-аракеттер туурасында тараптар бири-бирине алдын ала кабар берип макулдашаары тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргызстандын чек арачылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Чечме айылынын активдүү адамдары менен биргеликте чек арага канатташ аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн