Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы 131 миллион доллар каражаты Өзбекстанга кайтарылат. Бул тууралуу "Газета.уз" басылмасы кабарлады.
Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцария менен Гүлнара Каримованын каражатын өлкөгө кайтарууну макулдашкан.
Гүлнара Каримовага таандык делген 131 миллион доллар каражат БУУ аркылуу Өзбекстандагы социалдык долбоорлорго жумшалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн