Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өзбекстан АЭС курууну пландап жатат

03.11.2021 08:50
773
Өзбекстан АЭС курууну пландап жатат

Өзбекстан атомдук электр станциясын курууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрине таянып өзбек басылмалары билдирди.


Маалыматка караганда, азыркы учурда АЭС куруу долбоору иштелип чыгууда.

Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун айтымында, бул долбоор кошуна өлкөлөр жана коомчулуктун макулдугу менен ишке ашат.


"Өзбекстанда АЭС куруу планыбыз бар. Албетте, бул экономикалык максатта гана иштейт, эч кандай саясий багыты жок. Муну баса белгилеп айтып коёюн, эч кандай саясий багыты жок.

АЭС курууда сөзсүз кошуна өлкөлөр жана элибиздин макулдугу эске алынат",- деди Камилов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн