Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстан АКШдан 8,5 млн долларга аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды алат

10.02.2022 13:46
637
Өзбекстан АКШдан 8,5 млн долларга аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды алат

AeroVironment компаниясы Өзбекстанга аскердик учкучсуз учуучу аппараттар менен камсыз кылат.  Бул тууралуу Kun.uz редакциясы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  Puma 3 AE учкучсуз учуучу аппараттар  АКШнын чет өлкөлөргө аскердик учак сатуу программасынын алкагында Өзбекстанга жеткирилет.


АКШдан жалпы суммасы  8,5 миллион долларлык аппараттар 2022-жылдын 30-ноябрына чейин жеткирилет. Puma 3 AE согуш аймагындагы бөлүмдөргө реалдуу убакытта чалгындоо маалыматын чогултууга мүмкүнчүлүк берет.

Аппаратты кургакта жана деңизде колдонсо болот, аны бир адам көтөрүп, колунан учурат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн