Өзбекстан Кемпир-Абадды эл аралык туристтик борборго айлантууга киришти. Өзбекстандын социалдык тармактарында Кемпир-Абад суу сактагычын туристтик зона катары колдонуу үчүн атайын жарнамалык видеолор чыга баштады.
Тасмадан байкалгандай, өзбек тарап Кемпир-Абад суу сактагычына жергиликтүү жана эл аралык туристтерди курорттук эс алуу үчүн чакырган. Видеодо суу сактагычтын кооздугу жана таза жаратылышы жөнүндө айтылып, ага Андижан облусу аркылуу келүү мүмкүн экенин, мурда жабык болуп турганы, эми бардык каалоочулар үчүн ачык экени айтылат.
Пикирлер (3)