Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:40
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Өзбекстан Кыргызстандан 500 миң тонна картошка импорттоого даяр

20.01.2023 18:28
402
Өзбекстан Кыргызстандан 500 миң тонна картошка импорттоого даяр

Өзбекстан жыл сайын Кыргызстандан 500 миң тонна картошка импорттоого даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.


Анын айтымында, өзбек адистери тамчылатып сугаруу системасын киргизүү менен ата мекендик дыйкандарга сугат системасына кирбеген жерлерди өздөштүрүү боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындай колдоо Кыргызстанда картошканын түшүмүн көбөйтүүгө жардам берет.


Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн