Өзбекстан өкмөтү Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана куруп берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Оорукана Бишкекке жана Кадамжай районунда курулат.
“Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар жабдыктар, жылуулугу менен болот. Бишкектеги оорукана Улуттук госпиталдын, Кадамжайдагы стационар райондук оорукананын жанында салынат. Учурда курулушчулар ишин баштады" ,- деп белгиледи министр.
Пикирлер (1)