Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Өзбекстан Кыргызстанга чек арасын ачты. Чек арадан өтүү тартиби кандай?

02.09.2020 10:48
1060
Өзбекстан Кыргызстанга чек арасын ачты. Чек арадан өтүү тартиби кандай?


Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өткөрүү пунктары аркылуу унаалардын киришине жана чыгуусуна коюлган чектөөлөр 1-сентябрдан тарта алынды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.


Маалым болгондой, эми  мындан ары чек арада санитардык эрежелерди катуу сактоо менен биргеликте төмөндөгүдөй тартипте иш жүргүзүлөт:


Акыркы 14 күндүн ичинде Кыргызстанда болгон же акыркы 72 сааттын ичинде коронавируска карата ПЦР тестинин терс жыйынтыгы жөнүндө күбөлүгү бар адамдар;


Кыргызстандан чыгып кеткен жана ушул өлкөнүн аймагында болгон Өзбекстандын жарандары Өзбекстанга киргенде карантиндик көзөмөлгө алынбайт. 


Калган бардык учурларда Өзбекстанга кирген адамдар белгиленген тартипте карантиндик көзөмөлгө алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн