Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында премьер-министр Абдулло Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Сүйлөшүү алкагында Өзбекстан өкмөт башчысы кыргыз тарап менен көп тармакта кызматташуу ниетин билдирип, Кыргызстандагы реформа иштерин колдорун билдирген. Мындан сырткары өзбек тарап Кыргызстанга акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берерин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн