КР президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференцбайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мектептин ачылышы – эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу.

«Эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилелерибиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Өзбекстан Республикасынын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө чектеш кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз. Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили», - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берет деп белгиледи жана Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Белгилесек, мектепти куруу жөнүндө макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке демилгеси боюнча 2021-жылдын 11-12-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 млн АКШ долларын түзүп, ал Өзбекстан тарабынан бөлүнгөн.