Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстан Россиядан эмгек патенти үчүн төлөмдөрдү албай турууну суранып нота жөнөттү

09.04.2020 09:00
917
Өзбекстан Россиядан эмгек патенти үчүн төлөмдөрдү албай турууну суранып нота жөнөттү


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өзбекстандык мигранттардан эмгек патенти үчүн төлөм алууну убактылуу токтотуп туруу өтүнүчү менен Россияга расмий түрдө нота жөнөттү.


Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Авазбек Хажиметов билдиргендей, ушул тапта бул маселе Россия өкмөтүнүн тиешелүү органдары тарабынан каралууда.


Россиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялаган. Буга байланыштуу мигранттар ишсиз калышкан.


Расмий маалыматтарга караганда, Россияда эки миллиондой өзбек мигранты бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн