Белгилүү журналист Айданбек Акматов фейсбуктагы баракчасы аркылуу Риштан-Сох багыты боюнча тик учактар учуп жатканы боюнча видео жарыялады.
“Риштан-Сох багыты боюнча өзбек тик учактары тынымсыз ары-бери учуп жатат. 4-июнда беш жолу, 3-июнда үч жолу ары-бери каттаган. Жергиликтүү калк чочулоо, чыңалуу менен байкоо салып турат. Курал-жарак ташып жатпайбы деп. Учууга коридор берген Чек ара кызматы, Генштаб, өкмөт, президент көз салып жатабы?!”, - деп суроо салат ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн