Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Өзбекстан Сохту өнүктүрүү үчүн 1 триллион сум бөлүп, Ферганадан самолет учурат

05.06.2020 09:56
3423
Өзбекстан Сохту өнүктүрүү үчүн 1 триллион сум бөлүп, Ферганадан самолет учурат


Өзбекстан Сох анклавын өнүктүрүү үчүн 1 триллон сум бөлөт. Бул тууралуу 3-июнда жакырчылыкты жоюу боюнча президент Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында айтылды.  


Сох районунун акиминин айтымында, аталган каражаттын бир бөлүгүнө Сохтун аба майданын жаңылоо ишке ашырылат. Ошондой эле Сох-Фергана ортосунда аба каттамы уюштурулат. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, быйылкы жылы 101 млрд. сумга 73 долбоор ишке кирип, 4,5 миң жаңы жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле өзбек банктары Сохтогу 82 долбоорду ишке ашыруу үчүн 153 млрд. сум жеңилдетилген насыя бөлөт.  Ал эми Симодон, Касминон, Хушёр, Малбуд жана Варган айылдарында жер астынан суу чыгарылып, бош жаткан жерлер өздөштүрүлөт. Мындан сырткары Сохтогу 6 маданий жай жаңыланып, 3 эс алуучу борбор курулат. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мамытов
Ажо окмот жепутаттар дулой кор эмессинер. Жолду жапкыла да оштун достуктан жэ жалал абаддан менен коридор бергиле сох. (((///Барак айылы кантип атат азыр 2,5км ордуна туда обратно 350/400км жол журушот байкуштар Кызыл кыя менен.)))))//// ООО Жараткан Кыргызга бычакка сап болчу ажо аткаминерлер кое кор кызматка.