Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзбекстан эл аралык аба каттамдарын жандантты

15.06.2020 09:48
1118
Өзбекстан эл аралык аба каттамдарын жандантты

Бүгүн, 15-июндан баштап Өзбекстан эл аралык аба каттамдарын жандантты. Бул тууралуу өлкөнүн атайын республикалык комиссиясы маалымдаганын жергиликтүү ЖМКлар жазышты. 

 

Маалыматка караганда, аба каттамдар коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырган өлкөлөр менен жанданууда. Буга байланыштуу 15-июндан баштап, Өзбекстанга кирүү жана өлкөдөн чыгуу төмөнкү категориядагы адамдарга уруксат берилди: 


- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө; 


- Өзбекстанда иштеген чет элдик компаниялардын жана уюмдардын адистерине; 


- дарылануу максатын көздөгөн адамдарга; 


- чет өлкөлөдө ооруп жаткан адамдардын бир туугандарына же жакындарына; 


- Өзбекстанда жашаган чет элдик жарандарга жана башка өлкөлөрдө жашаган өзбек жарандарына.


Ошондой эле, өзбек жарандарына окуу жана иштөө максатында өлкөдөн чыгууга уруксат берилди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн