Өзбекстан Кыргызстан менен мамилесин жакшыртуу үстүндө иштеп жатат. Бул жараянды үзгүлтүккө учуратпоого, тескерисинче күчөтүүгө абдан кызыкдар болууда. Мунун себептери эмнеде?
Биринчиден, Ташкент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга абдан ынтызар, кызыкдар. Анткени Өзбекстан Кытайдын дүркүрөп өнүгүү толкунунан пайдаланып калууну көздөйт. Кытайга жол Кыргызстан аркылуу мүмкүн. Ошон үчүн расмий Кыргызстанды жолду кура баштайлы деп түрткүлөп, долбоор түзүүгө жардамга даярдыгын да билдирди.
Бул жол курулса Кыргызстан, Өзбекстан да транзиттик өлкөгө айланат. Учурда дүйнөдө Кытай менен Батыштын товар агымдарына отуруу үчүн абдан катуу күрөш жүрүп жатканы белгилүү.
Казакстан Хоргос-Каспий аркылуу Азербайжан, Түркияга чыгууну ишке ашырууда. Түркия да ушул жолду колдоодо. Анткени башка жол азырынча жок.
Иран жана Тажикистан Ооганстан аркылуу Кытайга чыгуучу темир жол долбоорун камдап жүрөт.
Россия Түндүк Муз Океаны жана Сибирь аркылуу темир жолун сунуштаган. Ошондуктан Казакстан жана Россия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунуну курулушуна кызыкдар эмес. Алар бул долбоорго каршы. Атандааш пайда болушун каалашпайт.
Экинчиден, Ташкент Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгон Кыргызстан аркылуу Россия, Казакстан, Беларусь базарларына товарларын чыгарууга кызыкдар. Бул максатына да Ташкент ийгиликтүү жетишүүдө. Өткөн жылы эки өлкөнүн соодасы 900 миллион доллар болсо, анын дээрлик 80% Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту болгон. Өзбек товарлары Кыргызстандын чакан рыногуна көп токтобой, алда канча кенен Россия, Казакстан базарларына жолун улаганы да турган иш.
Үчүнчүдөн, Өзбекстан үчүн Кыргызстан базарын ээлеп алыш да чоң олжо. Бул жагынан да кошуна мамлекет мыкты ийгиликтерге жетишип жатат.
Мына ушул үч себептен Өзбекстан бийлиги Кыргызстан менен мамилени жакшыртуу кызыкдар.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда Кыргызстан алдында татаал тандоо турат. Торугарт аркылуу курууга басым жасап отура бериш керекпи же Эркештам аркылуу курууга жол бериш керекпи деген..
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Эркештам аркылуу курууга Кытай жана Өзбекстан кызыкдар. Анткени бул багыттагы жол кыска жана географиялык шарты да өтө татаал эмес. Демек, жолду куруу үчүн да көп каражат жумшалбайт.
Ал эми Торугарт-Өзгөн жолу бир топ алыс жана географиялык шарты татаал. Бирок Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү. Республиканын түндүк жана түштүк региондорун темир менен байланыштырууга абдан чоң мүмкүнчүлүк ачылат...
Айданбек Акматов
Пикирлер (1)