Өзбекстанда
коронавирус илдетине байланыштуу карантин режими
10-майга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары маалымдашты.
Мартта кабыл алынган алгачкы чектөөлөр 20-апрелде соңуна чыкмак. Республикалык атайын комиссиясынын чечими менен эми 10-майга чейин узармай болду.
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 19-апрелге карата 1495 кишиге жетип, бешөө көз жумду жана 194 адам оорудан сакайган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн