Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзбекстан кыргыз студенттери үчүн 100 бюджеттик орун бөлөт

12.03.2021 21:33
805
Өзбекстан кыргыз студенттери үчүн 100 бюджеттик орун бөлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жасалган мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Улугбек Ташкенбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн негизги темасы Билим берүү документтерин таануу боюнча өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу жана кол коюу болду. Тараптар жумушчу топ түзүп, ишти баштамай болушту.


Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын жарандарына Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 100 гранттык орун берилерин билдирди.


Иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов менен да жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун төмөнкү багыттарын өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашуулар жетишилди:


Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен басылмаларды чыгаруу;


Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн ЖОЖдорунда сабактарды өткөрүү үчүн жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук жамаатын тартуу;


Эразмус+ долбоорлоруна кыргыз жана өзбек университеттеринин биргелешип катышуусу, эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;


Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жана чакырыктарга жогорку технологиялык чечимдерди табуу үчүн санариптик билим берүүнү башкаруу тутумун киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу.


Жолугушуунун жүрүшүндө А. Бейшеналиев өзбекстандык кесиптешин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде А. Тошкулов Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө макулдугун билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн