Кыргыз жараны Өзбекстанда жол кырсыгына себепчи болгону үчүн сот кыргыз жаранына 1,15 миллион сум айып пул салды. Бул тууралуу АКИпресс Ташкент ШИИБине таянып жазда.
Окуя 13-январда Өзбекстандын Шарк районунда орун алган. Кыргыз жараны жол тандабас унаасы менен өзбек жаранынын унаасын сүзүп, жол четиндеги бетонду сүзүп токтогон. Иликтөөнүн жүрүшүндө жаран уктап кеткенин мойнуна алган. Күнөөсүн мойнуна алып жолдогу зыяндары жана каршы тараптын зыяндарынын чыгымын төлөгөн.
Кыргыз жаранына карата протокол түзүлүп, сотко жиберилген. Сот кыргызстандыкка 1,15 миллион сум айып салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн