Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзбекстан коронавируска байланыштуу өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөрдү алып салды

08.06.2022 16:16
1135
Өзбекстан коронавируска байланыштуу өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөрдү алып салды


10-июндан тарта Өзбекстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөр алынат. Бул чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссия кабыл алганын Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Чектөөлөрдү алып салуу аба, чек ара темир жол станциялары же чек ара бекеттери аркылуу чек араны кесип өткөн өзбекстандыктарга, чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү.


Эми алардан коронавируска ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын, антигендерге экспресс-тестин жана эмдөө күбөлүгүн же паспортун көрсөтүү талап кылынбайт.


Комиссия мындай чечимди кабыл алууда Өзбекстанда коронавирустун жайылуу динамикасын, ооруканага жаткырылган жана чыгарылган бейтаптардын санын, карантинге алынган жарандардын санынын оң өзгөрүшүн, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, ДССУ жана Туризм жана маданий мурастар министрлигинин сунуштарын эске алганы белгиленген. 


Бир күн мурда Россия Армения жана Кыргыз Республикасы менен транспорттук каттамдарга коюлган бардык чектөөлөрдү алып салган. Эми Кыргызстандан Россияга унаа менен барууга болот.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн