Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзбекстан коронавирусту жеңгенин жарыялады

21.12.2020 10:17
808
Өзбекстан коронавирусту жеңгенин жарыялады

Өзбекстан премьер-министринин орун басары Бехзод Мусаев өлкөдө коронавирус менен ооругандар дээрлик жок калганын билдирди.


«Саламаттык сактоо системасына көп акча бөлүндү жана бул сумма акыркы отуз жылда бөлүнгөндөн алда канча чоң. Бул оору үчүн зарыл болгон дары-дармектерди дүйнөнүн кайсы гана точкасы болбосун жеткиртип жаттык. Чет өлкөдөн адистер алынып келинди. Натыйжада Өзбекстанда коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок», –деди Мусаев.


Соңку расмий маалыматтар боюнча 19-декабрга карата, Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 75 675 кишини түздү. Алардын ичинен 73 099у айыкты, 612и өмүр менен кош айтышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн