Өзбекстан менен Кыргызстан соода жүгүртүүнү эки миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Мындай чоң долбоорго эки өлкөнүн президенттери койду, деп билдирди Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков бейшемби күнү өзбек-кыргыз бизнес форумунда.
“Биз товар жүгүртүүнү бир миллиардга, андан кийин эки миллиард долларга жеткиришибиз керек. Менин оюмча, бул мүмкүн болгон долбоор", - деп белгиледи Умурзаков.
Вице-премьер-министр ошондой эле пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк соода көлөмү азайгандыгына карабастан, эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү тескерисинче көбөйгөндүгүнө көңүл бурду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн