Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Өзбекстанга болгон иш сапарында президент Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынган. Ташкент-Душанбе поезд каттамы 20-июндан тарта жанданат.
Буга чейин поезд каттамы коронавирус пандемиясынан улам токтоп турган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн