Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстан өз жаштарына Тажикстан менен Кыргызстандагы тапшырууга болбой турган 16 жогорку окуу жайды атады

19.06.2020 14:48
1553
Өзбекстан өз жаштарына Тажикстан менен Кыргызстандагы тапшырууга болбой турган 16 жогорку окуу жайды атады


Кыргызстан менен Тажикстандын айрым жогорку окуу жайында алган билимдер Өзбекстандын эмгек рыногундагы талаптардын деңгээлине жооп бербейт. Ошондуктан, Өзбекстандын Өкмөтүнө караштуу Билимдин сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция өзбек жаштарына Тажикстан менен Кыргызстандагы тапшырууга болбой турган 16 жогорку окуу жайды атады.


Бул “кара тизмеге” Кыргызстандан Борбор Азиянын Эл аралык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Эл аралык медициналык Жогорку мектеби, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институту, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик юридикалык институту, Майлуу-Суу экономика жана башкаруу институту киргизилди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Байгазы
КНУ, Арабаев, БГУ, Славянский дегендер жок го..... Билишет да алар күчтүү окуу жайлар экенин