Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өзбекстан парламентинин төрайымы Бишкекке кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышуу үчүн келди

21.09.2021 12:00
552
Өзбекстан парламентинин төрайымы Бишкекке кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышуу үчүн келди

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.


Бүгүн, 21-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди. Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды.  


Иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.


Мындан тышкары, Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн